Бишкек шаарындагы 12-кичи районунда 15 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан боюн таштап көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, окуя 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жанында 13-июнь күнү кечки саат 20:00дөр чамасында болгон.
"Өспүрүм баланын ошол көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулагандыгы аныкталды. Ал ага чейин туугандарына СМС билдирүү аркылуу "эч кимге жүк болбой, кеткеним жакшы" - деп билдирүү жөнөткөн. Атасы жок экен, апасы Орусияга кетип, ал жактан өзүнчө үй-бүлө курган. Бул жакта Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында таежесиникинде жашап жүргөн", - дейт Оморов.
Ошондой эле ал учурда интернет желесинде өспүрүмдүн өлүмүн "көк кит" оюнуна байланыштырып жатышканын, бирок ал чындыкка дал келбестигин билдирди.