Жайыл районунда мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды
15-ноябрь күнү Жайыл райондук укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан Кара-Балта шаарында 24 жаштагы жаран кармалды. Текшерүү иштеринде өзү үчүн колдонуп жүргөн баңгизаты табылган. Учурда кармалган жарандын үстүнөн Кылмыш кодексинин 246 (Мыйзамсыз наркотикалык затты сактоо) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.