Кыргыз жеринде эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 14-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз мамлекетинин аймагында террордук акт жасоо үчүн жөнөтүлгөн Сириядагы террордук уюмдардын мүчөлөрүн кармоо иш-аракеттери болгон. Анын натыйжасында эл аралык террордук уюмдардын көрсөтмөсү менен Кыргыз жеринде террордук уюм түзүүнү көздөгөн деп Я.У. аттуу жаран кармалды.
Анын 2014-жылдан баштап Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталган. Факты боюнча "жалданмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган адам тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды.