Лондондун батыш жагындагы 24 кабаттуу үй бүгүн, 14-июнда өрттөндү. Чет элдик маалымат каражаттары Лондондогу өрттөн коргоо кызматына таянып, өрт имаратты толугу менен каптаганын жазууда.
Маалыматка ылайык, кырсыктан кеминде 30 адам жабыркаган деп болжолдонууда. Медициналык "Тез жардам" кызматы азырынча өрттөн жабыркагандардын так санын аныктай элек экенин кабарлаган. Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча 00:54тө башталып, 15 мүнөттөй убакыт аралыгында үйдүн бардык кабаттарына жеткен.
Би-би-си жазгандай, имараттын ичинде жашоочулар калып калган болушу мүмкүн. Ошондой эле үй кулап түшүү коркунучунда турат. 120 батир жайгашкан бул имараттагы өрттү өчүрүүгө 40 унаа, 200 өрт өчүрүүчү келген. Медициналык "Тез жардам" көрсөтүү кызматынын 20 экипажы иштеп жатат. Үйдө 600дөй адам жашаган. Учурда анын айланасы курчоого алынды.