Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чагылган тийген адам оор абалда бейтапканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапкананын директору Жаныбек Карабаев билдирди.
"Чагылган тийген адам бүгүн ооруканага алынып келинди. Абалы абдан оор болчу. Көкүрөк тушу, ич тарабы, буту күйүп калган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө эс учун жоготкон абалда жатат. Окуя 13-июнь күнү Сузак районунун Күрөбөз жайлоосунда болгон", - деп билдирди Карабаев.
Жаныбек Карабаевдин маалыматына ылайык, кырсыкка кабылган тургун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Орто-Азия айылынын 1995-жылы туулган жашоочусу болгон.