Криштиану Роналду 5 жылга камалышы мүмкүн

“Реалдын” футболчусу Криштиану Роналдунун үстүнөн Испаниянын прокуратурасы сотко арыз берди. Буга анын 2011 жана 2014-жылдардын аралыгында түшкөн кирешесинен 14,7 миллион евро салык төлөбөй койгону себеп болгонун чет элдик ЖМКлар жазууда.

Айрым маалыматтарга караганда, аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, Роналду бул аракети үчүн 15 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде ошол эле учурда футболчу тергөөгө активдүү катышса, сот айып пул төлөтүүсү же шарттуу түрдө кесүүсү мүмкүн экендиги айтылууда. Испаниянын мыйзамдарына ылайык, сот кимдир-бирөөнү 2 жылга жетпеген мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарса, муну шарттуу жазалар менен алмаштыруу мүмкүн.

2016-жылы "Forbes" журналы дүйнө жүзү боюнча эң көп киреше тапкан 100 спортчуну атап, анын сап башына Криштиану Роналдуну жазган. Ал 2016-жылы 88 миллион евро тапкан (56 миллион евро клубдан, 32 миллион евро жарнамаларга тартылуудан түшкөн).

Эскерте кетсек, Испания соту "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси жана атасы Хорхе Мессини 2007-2009-жылы футболчунун атын колдонуудан түшкөн киреше салыгын толтурууда жасалма документ тапшырганы үчүн айыптап чыккан. Кирешени жашыруудан бюджетке 4,1 миллион евро түшпөй калган. Жыйынтыгында сот футболчуну 2 миллион евро, атасын 1,5 миллион евро айыпка жыгып, ага улай экөөнү 21 айга шарттуу кескен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Zeinep_gunew93
2017-06-14 19:38:18
Ошончо киреше тапкан экен төлөп койбоптур да проблема кылбай
0
BakytAliev
2017-06-14 20:49:29
Испаниянын атын ушунча таанытып дуйного чыгарып атат ко команданын атын Анан эмнесине камайт
+5
kriss120
2017-06-14 21:27:13
Мыйзамды бузса камайт да анан
+1
Lion.
2017-06-14 23:17:12
Шартту дегени кандай?
0
Tyty1990
2017-06-14 23:40:47
Lion.,сразу эле камап салбайт дегени
0
Dybala.
2017-06-15 00:25:08
Испания да олуп буткон экенда биздин жеп жутарларга окшогондор копта ото коп налог толойт
+1
admin_superstan
2017-06-15 09:45:17
Karaan, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
pomposh
2017-06-15 16:00:13
эээй ошо акчасы коптор толобойт. кембагалдар коркуп кобойуп кетпесин деп толойт.кыргыздарда деле байлар карыз мамлекетке комуналдык услугалар учун. кембагалдар толойт убагында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан