Лондондогу 24 кабаттуу үйдөгү өрт кырсыгынан улам 6 адам каза болгону болжолдонууда. Азыркы тапта бул кырсыктан өмүрү кыйылгандардын так саны аныкталып жаткандыгын чет элдик маалымат каражаттары Лондондун өрткө каршы кызматынын комиссары Дэни Коттондун маалыматына таянып жазышууда.
"Азыркы тапта үйдүн жогорку кабаттарында өрт толук өчө элек, бирок абал толугу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн көзөмөлүнө алынган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 50гө жетип, ооруканага жаткырылды" - дейт Дэни Коттон.
Ал кырсыктын келип чыгуу себептери азыр аныктала электигин билдиргени менен, жергиликтүүлөр имараттагы батирдин биринде муздаткыч жарылып, жалын чыкканын айтышууда.