Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда атчан аял сууга агып кетип, изделип жаткандыгын ӨКМынын маалымат кызматы кабарлады.
"2017-жылдын 13-июнь күнү саат 09:00 чамасында Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Көсө-Терек айылындагы Жинди-Суу жана Күрөбөз суусу бириккен жерге 46 жаштагы аял аттан жыгылып агып кеткен. Сууга агып дайынсыз болуп жаткан аял Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну экендиги аныкталды. Ал суунун жээгинде минип келаткан аты үркүп, сууга кулагандыгы айтылууда. Учурда издөө иштерине Кызыл-Үңкүрдөн 10 адам тартылган", - деп маалымдайт катчылык.