Бүгүн, 14-июнда АКШнын Вашингтон шаарына жакын аймактан бейсбол боюнча машыгуу өтүп жатканда конгрессмендерди белгисиз адам атып кетти. Бул туурасында “Медуза” кабарлады.
Маалыматта белгилүү болгондой, адамдарды көздөй атылган октон бир нечеси жаракат алган. Ок атуу Виржиния штатынын Александрия шаарында, Вашингтондун түштүк тарабынан 11 чакырым алыстыкта болгон. Жарадар болгондордун катарында республикачыл конгрессмен Стив Скализ жана конгрессмендердин бир канча жардамчылары да бар. Учурда жаракат алгандардын саны белгисиз, каза болгондор тууралуу маалымат айтыла элек. Болгону куралданган белгисиз адам 50дөй жолу ок чыгарганы жана анын кармалганы айтылууда. Окуя бейсбол боюнча кайрымдуулук матчына уюштуруучулар даярданып жаткан учурда орун алган. Алардын арасында 20дай конгрессмен мүчөлөрү да болгон.