Бишкектеги 12-кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 15-июнга караган түнү өрт чыккан. Анда 9 кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы батирдин эки бөлмөсү, эки балкону, 4 эшик, 6 терезе, 2 сыналгы, муздаткыч, кийим-кечелер, кошунасынын балкону күйгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Өрт кырсыгынын себептери такталып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 22:09да түшкөн. Өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт 1 саатта өчүрүлүп бүткөн.