Москвада дарыядагы суу тосмого түшүп кеткен Кыргыз жаранынын өмүрүн күзөтчүлөр сактап калышты. Бул тууралуу Москва шаарынын Жарандык коргонуу департаменти маалымдайт.
Кечээ, 14-июнда таңкы саат 6.40та шаардын түндүк-батышында «Строгино» станциясынын күзөтчүлөрү кийими менен суу тосмого түшүп кеткен аялга жардам беришкен. Ал 1984-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны экендиги аныкталып, "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага жеткирген.