ИИМ: "Мал уурдоого шектүү топ кармалды. Алар 2 жылдын ичинде өлкө аймагынан 150дөй бодо мал уурдашкан"

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагынан мал уурулук менен шугулданган топтун изине түшүп, шектүүлөрдү кылтакка илишти. Алар Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан 2 жылдын ичинде жалпы 150 баштай уй, жылкыларды уурдоого шектелип жаткандыгын бүгүн, 15-июнда министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.

Кармалган 3 адам баары Ош облусуна караштуу Алай районунун тургундары. Алардын бири 44, экинчиси 43 жана 33 жаштагы тургундар. Алар учурда Бишкекте, Чүйдө жана Ошто жашап турушкан. Кармалгандарга карата Жалал-Абад облусунун аймагынан мал уурулук боюнча 12 кылмыш иши ачылды. Аталган облустун Базар-Коргон, Сузак, Токтогул, Ноокен, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларынын жалпы 70тей уюн, жылкысын уурдап кетишкен. Ал эми Ош облусунун Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунан 50 баш, Чүйдөн 30 баш ири мүйүздүү малды уурдаган деп шектелишүүдө. Алар алгач болжогон олжосун жайлоолорго чейин барып байкап, маалыматтарды тактап ыңгайы келген жерден жүк ташуучу унаага салып кетишкен. Кээде ээси жок жайылган малдарды үйүрү менен да айдап кеткен учурлары болгон.

"Бүгүнкү күндө кармалган адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө жүрүп жатат”, - деп айтылат катчылыктын маалыматында.

Сүрөттөрдө аларды кармоо маалында далил катары алынган мал жана алардын мал ташыган унаасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KOHHOP
2017-06-15 13:10:23
Крyтые парни
0
Gulim_zamujem
2017-06-15 13:22:13
Эки буттуу ХХХ
0
urmat-87
2017-06-15 13:54:26
бул акмактар каерден кармалды Алайдан болсо мендагы былтыр 3жашар бука жоготкомун алайдан болом аттарын тактап каерде кармалганын тактап берсениздер менда барайын
0
grace
2017-06-15 14:47:23
Ой акмактар, былтыр Алайдан жездемдин аты жокжотом болуп жоголуп кетти эле. Алайдын атын булгаган атың өчкүрлөр, эми түрмөдө жазаңарды тарткыла.
+1
Nevestkaa
2017-06-16 13:23:15
Биз да төрт уй кой жоготконбуз эки жыл мурун.Издеп издеп кала бердик .Оо дүйнөдө жооп бересиңер эми.
0
cfif03748
2017-06-19 21:46:04
Уурулардын бетин жаап койгонунар эч жакпайтта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан