Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде №164-маршруттук такси, Форд фокус жана Хонда фит үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бишкек шаардык Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Таалай Бугубаевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, кырсыктан Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жаракат алып, ооруканага жиберилди. Ал Форд фокус унаасын башкарып бара жаткан.
"Маршруттук таксинин айдоочусу бурулуп жатып, Хонда фитти, андан кийин Форд фокус унаасын сүзүп алган. Натыйжада милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага жиберилди", - деди Бугубаев.