Ноокен районунда 2 жыл мурун жолдошу тарабынан киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 15-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2015-жылдын январь айында болгон. 2016-жылы милицияга Ноокен районунун Достук айылынын тургуну, өзүнүн жарандык никедеги аялын уруп өлтүрүп, андан соң анын денесин көмүп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бирок Ноокен райондук ички иштер бөлүмү бул ишти карап, киши колдуу болгон аялдын жансыз денесин таба алган эмес. Мындан улам кылмыш иши токтоп калган. 2017-жылы июнь айында бул иш кошумча маалыматтар табылганына байланыштуу кылмыш иши кайра жанданган.
Киши колдуу болгон аялдын денесин издөө иштерине экскаватор тартылып, жер 5 метрге чейин тереңдикте казылган соң анын сөөгү табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал 1996-жылы Өзбекстандын Наманган облусунда туулган Минавархон аттуу кыз экени аныкталган.
Шектүү деп 1990-жылы туулган Т.Н аттуу жаран кармалды. Ал 2011-жылдан бери Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну 1996-жылы туулган Минавар деген кыз менен жарандык никеде жашап жүргөнү маалым болду. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.