Түштүк Африкадагы Лесото мамлекетинде премьер-министр Том Табаненин аялы атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 58 жаштагы Липолело Табане борбор калаага жакын жерде болгон. Ал курбусу менен бара жатканда белгисиз адам экөөнө тең ок чыгарган. Липолело ошол жерден каза болгон, курбусу ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө жүрүүдө, ок атууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Том Табане аялы менен 2012-жылы ажырашууга арыз беришкенден кийин бөлөк жашашканы маалымдалууда.
"Лесотодо 2014-жылы төңкөрүш аракети болгондон кийин саясий туруксуздук орун алууда. Быйыл март айында премьер-министр Пакалите Мосисилиге ишенбөөчүлүк жарыяланып, өткөн аптада Том Табане өкмөт башчы болуп шайланган", - деп жазышат басылмалар.