Судья Аида Салянованын ишин кыскартуу өтүнүчүн канааттандырган жок. Кийинки сот 19-июнда болот

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму өтүүдө.

10:15. Депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова бул иш боюнча Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековдун соттук отурумду алып баруусунан баш тартуу өтүнүчүн келтирди. Жактоочу буга Касымбековдун бул иш менен толук таанышпай туруп кароого өткөнүн жүйөө келтирди.

10:35. Айыпталып жаткан Салянова да жактоочусунун сөзүн толуктап, судьясы Кубанычбек Касымбековго ишенич көргөзбөө жана жараянды токтотуу өтүнүчүн билдирди.

10:50. Прокурор судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок экенин айтты.

10:55. Судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

11:25. Судья Салянованын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

11:30. Жактоочу Ч.Жакупбековага сөз берилип, ал бул иште мамлекетке чыгым келбегенин, мындан ошол кездеги юстиция министри Аида Салянова эч кандай пайда көрбөгөнүн, мыйзам чегинде гана лицензия узартылганын айтты. Мындан тышкары жактоочу такталбаган, мыйзамсыз козголгондугун кошумчалап ишти кыскартуу боюнча өтүнүч келтирди.

11:40. Жактоочунун өтүнүчүнө айыпталып жаткан Аида Салянова да макулдугун берип, бул иш саясий буйрук менен козголгонун айтты.

11:46. Мамлекеттик айыптоочу, буга чейин ишти кыскартуу боюнча бир нече ирет өтүнүчтөр болгонун, бирок тергөө тобунан баштап эле бул өтүнүч четке кагылып келе жатканын эске алып, бул өтүнүчкө каршы экенин айтты.

11:51. Судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

11:57. Салянова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Бул соттун саясий буюртманы так аткаруу негизги максаты болуп жатат. Бул адам объективдүү карай албайт деп биз ишеним көргөзбөө өтүнүчүн бергенбиз. Аны сот четке какты. Азыр экинчи ирет ишти кыскартуу өтүнүчүн бердик. Бул саясий сценарийдин негизинде эле болуп жаткандай сезилип жатат”, - деген пикирин айтты.

12:41. Судья сот залына келди. Жактоочунун ишти кыскартуу өтүнүчү боюнча чечимди окууда.

12:46. Судья Аида Саляновага карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу боюнча жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

12:53. Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын суранычы менен сот отуруму 19-июнга жылдырылды. Бул сот отуруму жабык өтөрү айтылды.

13:01. Аида Салянова: “Сот башталганда эле бир жактуу болуп башталды. Анткени 29-майда бул ишти Биринчи Май райондук соту карап, бул ишти кыскартууга негиз жок экен деп чечим чыгарып койгон. Ошондо эле бизге белгилүү болгон. Бир сааттын ичинде чыккан бул чечим. Ошондуктан бүгүн биз ишти сотко ишенбөөчүлүктөн баштадык. Саясий буюртманы тез жана так аткарууга сот тарабынан аракет көрүлүп жатат. Бизде бул иш саясий чечим менен жыйынтыктайт деген чоң кооптонуу бар. Бирок биз үчүн элдин пикири маанилүү”.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

2017-жылдын 21-апрелинде Аида Салянова өзүнө ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирген. "Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган материалдар менин кыймыл-аракетим мыйзамга ылайык болгонун, Юстиция министрлигинин 10 жылдаган тажрыйбасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин тастыктады. Катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу болгон эмес дегенине карабай, саясий буйрукту кынтыксыз аткарышууда", - деген Салянова.

29-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өткөн. Анда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн келтирген. Судья Мирлан Термечиков бул өтүнүчтү канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2017-06-16 10:43:35
Тушунбойсун реформа кылган бийлике сот системасын, адилеттуулук жок озу.
+2
jbolotov
2017-06-17 00:59:16
Негизи башында эле ээрге кыйшык отурган эле. Минюста катчы болуп жургон кыз кантип Генералдык прокуратурага эч кандай тажрыйбасы жок эле башчы болуп отуруп калды? Генпрокуратура эмес жонокой прокуратурада канча жылдар бою тажрыйба топтогон дасыккандар бар, ошолордун астында бул кыз моралдык укугуда жок болчу мындай кызматты алып барууга.
Куйоосунун иштерида озунчо бир тема . Лицензия берилгени аныкбы? Жооп берсинда
+1
Nursing
2017-06-18 18:37:45
Кандай тажатты Аида Аида,Текебаев Текебаев уже уяласын дайыма ушуларды жанылыктадан коргозуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан