Аламүдүн районунда айдоочу велосипедчен кызды сүзүп кетти

Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй-Таш-Мойнок жолунда айдоочу аял велосипед менен бара жаткан жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди. Анын айтымында, окуя бүгүн, 16-июнда саат 9:00дөр чамасында болгон.

"Нисан" үлгүсүндөгү унаа менен жогору көздөй бара жаткан айдоочу ошол эле багытта бара жаткан велосипедчен кызды сүзүп кеткен. Натыйжада кыз бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду", - дейт Исаев.

Ошондой эле ал учурда иликтөө-териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан