Бүгүн, 16-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбековдун, Төрөбай Колубаевдин, Александр Гусевдин, Марат Султановдун жана Тойгонбек Калматовдун иши каралды. Соттук жараян жабык өттү.
Мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга 16-18 жылдан жаза мөөнөтүн сурашкандыгы белгилүү болду.
Соттолуучу Марат Султановдун иниси Руслан Султанов: “Соттук иш былтыр август айынан бери эле уланып келатат. Менин агам Марат Султанов буга чейин өзү да сот тармагында иштеген. Бишкек шаардык сотунун төрагасы, ушул эле азыр соту өтүп жаткан Биринчи Май райондук сотунда эки ирет төрага болуп иштеген. Кийин Талгарбеков аксакал “Элдик парламенттин” укуктук жагын карап бер деп чакырганынан алар менен иштешип жатып камалып калды”, - деп айтты.
Айта кетсек, 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. УКМКнын билдиришинче, булар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышууда. Аталган жарандар жана биримдиктин башка мүчөлөрүнө "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландашкан" деген күнөө тагылып жатат.
Быйыл 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" башка мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Ал эми Дастан Сарыгулов "кылмышты жаап-жашыруу" боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.