Бишкекте "элитка" деп аталган көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, бир батир толук күйдү

17-июнга караган түнү Бишкекте Киев көчөсүндө "элитка" деп аталган көп кабаттуу турак жайда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 01:15 чамасында Киев,114/2 дарегинде жайгашкан 11 кабаттуу үйдүн 7-кабатында өрт чыгып, №66-батир толугу менен күйдү. Жалпысынан 100 чарчы метр аянты өрттөндү. Батирдеги 2 эшик, 2 терезе, телефон, диван, сыналгы күйүп кетти. Өрт саат 02:08де курчоого алынып, саат 03:00дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүдө 5-10-кабаттарда болгон 12 адам куткарылды. Кырсыктан улам жаракат алгандар жана каза болгондор жок. Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Бишкектеги "элиткада" батир өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil706070
2017-06-17 11:56:52
мейманкана болбосо эле болду
0
barakcha
2017-06-17 12:43:21
Азыркы Элитка деген уйлор эптемей эле салынып атат.Элдер алданып элитка деген эле атын сатып алышат.А так,СССР убагындагы эле салынган уйлордон отоору жок!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан