"Ош базарында" кайыр сурап отурган адам каза тапты

Бишкектеги "Ош базарында" кайыр сурап отурган адам каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, болжол менен 50-60 жаш курактагы адамдын кайыр сурап отурган жеринен көз жумганы боюнча маалымат милицияга 13:37де түшкөн. "Милиция окуя болгон жерге барып, кайырчынын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизага өткөрүп берген. Учурда каза болгон адамдын өздүгүн, өлүмүнүн себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат", - дешти Ленин РИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
CEO
2017-06-17 17:37:03
Элде ыйман жоголду. Мечит-медресе кадам сайын, бирок элде ыйман жок, ырайым жок. Ар ким озун гана ойлойт.

Мындан 150-200 жыл илгери кыргызда кайыр сураган адам болчу эмес, жашоодон кыйналгандарды эл колунда барын болушуп жеп, каралашып жардам берчу. Азыркы эл таш боор, ачкадан олуп жатса да карап койбой мисирейип отуп кетишет...
+1
-Sumitra-
2017-06-17 17:42:21
CEO,Ар ким озунун жанын озу багат да.Как будто байыркы заманда жашагандай суйлойсун го.50-60жаштагы адамдын бала-чакасы тууган уругу бардыр.Алма быш оозума туш деп отурсак бироо бир тыйын бербейт го бизге.Эч кимден ашыкча акча ашпайт азыр.Башка тартса,бутка жетпей турган заманда.Баарыбыздын жашообуз башкача болгондо,ар бир адам эле жардам бергиси келет колунда жокторго.Атка минер бок курсактардан башкасы.
Жаткан жери жайлуу болсун дейли!
0
love.me.again
2017-06-17 17:50:31
-Sumitra-,минтип тартышпай эое койбопсунар. Квй жерге барба акылы жок адамдар болбогн нерсе учун урушуп талашып. Кайырчыга боорум ооруду. Балким ачкалык балким ооруса да чыдап отура берди
+16
-Sumitra-
2017-06-17 19:26:28
love.me.again,Ошондо сен акылдуу болуп кеттинби?Оз жолун мн кете бер анда!Албетте,боор ооруйт.Бирок ал киши коз жумду.Колдон эмне келет?
-19
Abdusamat.kg
2017-06-17 20:21:30
-Sumitra-,жүрөктү кең кыл мээрим менен. Анан
Башыңдан бутуңа жетип башкага да ашат. Шүгүр кылып жашаганды үйрөнөлү
+17
-Sumitra-
2017-06-18 00:17:16
Abdusamat.kg,Ошо мен шугур кылып эле коммент жазгам.
-14
Best.bakyt
2017-06-17 20:42:10
-Sumitra-,Ар адамга ар кандай тагдыр жазылат чекесине. Мин акылдуу болуп суйлобойлу ошол жазылган тагдыр менен жашайсын. Бул жерде антпейби мынтпейби деп айтыштын эч кереги жок. Кудай айланайын дейли ооз коптуруп суйлобойлу. Ыйманы саламат болсун.
+16
Izdeim_seni.
2017-06-17 18:33:55
CEO,кайдагы 150-200 жылды айтып божурабачы. Союз цчурунда бир кайырчы болгон эмес
-6
Kg.arts.
2017-06-17 22:36:47
CEO,150,200 жыл алдын жашап коргондой жазыптырсын.
-3
Kg.arts.
2017-06-17 22:38:29
CEO, комментарий жазгандарын бир укмуш, сен озун элге, Кыргызстанга эмне пайда кылдын? Биринчи озундон башта.
+4
Arsenal2
2017-06-17 23:19:08
CEO,э алла алла ушул учун да урушуп талашкыла эми эми озу элдер апенди болойун деп калды.ажобуздан жугуп атат окшойт сыныктан башкасынын баары жугуштуу дечу беле
+3
Lili
2017-06-18 05:18:15
CEO,элде ыйман жоголду дегенде, сизде дале бар го ээ, сиз басып барып жардам берип койбопсуз анда...
0
kyialkech2016
2017-06-17 17:45:25
Ажалы жетиптирда анын эмнесин талашасынар? Жаткан жери жайлуу болсун
+16
Seryi-Kardinal
2017-06-17 17:46:36
lolu bolso kerek
-16
Rozhulun
2017-06-17 18:02:05
Рамадан айында Бейиштин эшиктери ачык болот дейтко, Аллаh өзү ырайым кылып бейишинен орун берсин.
+25
Omurbek998
2017-06-17 18:21:55
Тозок отунан сакта Аллах
+7
mentol
2017-06-17 19:12:09
Ыйлагым келди байкуш, курсагы ач, ооруганында жчкимге айталбай байкуш олуп кетеберди((((((((((((((((
+7
kychan.98
2017-06-17 19:47:18
Бул дуйнодо ар ким ар кандай жашайбыз бирок алла тааланын алдында баарыбыз бирдейбиз.кайырчы болсо да куноосу жок болсо бейишке кирет.
+3
KANAT85
2017-06-17 19:49:49
Жайы жанната болсун байкуш буту да ооруган окшойт балдак туратко жанында
+2
Nur8088
2017-06-17 20:21:30
Жаткан жери жайлуу болсун! Хандан уят кетсе, калктан ыйман кетет. Калкын кайырчы кылган Ханга жетсин убалы.Ал Эми кайырчы бактылуу экен. Анткени орозонун куттуу кунундо Жан беруу баарыбызга эле буюрган эместир.
+9
Amb7122
2017-06-18 00:55:22
Кайыр сурагандар пайда болуп жатканына ким куноолу ошондо..кЫРГЫЗДЫН САЛТЫ эмес болчу муундай эч качан болгон эмес..Уялсанар жакын туугандары ушундай акыбалга тыштап кеткенден..УЯЛГЫЛА УЯТ.Ар бир жараан тууган туушкандарды бооруна кысып жашаса эч качан муундай болбойт..Жаман болсода,душман болсода тууганынар силердин жакшы карагыла ар дайым .Эч качан аны жаман кором деп тыштап койбогула..баары жакшы болот элиме инсап,хидаят берсин баарыбызга..журогубуз ыйманга толсун..
+1
Californiadream
2017-06-18 02:14:15
Аллахым бейишинен орун берсин аминь , анан да туура эмес комментарий жазбай эле коёлу . Биз адамзаты озубуз уялышыбыз керек , ага жардам беруу колдон келбегенге ал деле биз сыяктуу адам ,
эми тек гана жакшы создорду айтып жаткан жери жайлуу болсун дейли. Биздин колдон башка эчнерсе келбегенден сон.
0
Nursing
2017-06-18 18:32:41
Негизи кайырчылар дуйнонун ар бир мамлекетинде бар,ал адамдын озунон зависит,озун ошондой жашоону тандайсын эгерде иштегин келбесе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан