19-июнга караган түнү Лондондо автофургон мечит алдында топтошуп турган адамдарды сүзүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча 10дой адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя шаардагы Севен Систерс көчөсүндө орун алган. Маалым болгондой, айдоочу ошол жердеги адамдар тарабынан кармалып, полицияга өткөрүлүп берилген.
Укук коргоо органдары Севен Систерс көчөсү жабылганын, айдоочу адамдар тобун атайын сүзгөнү же унааны башкара албай кокустан жолдон чыгып кеткенин текшерип жатат.
Эске салсак, 3-июнда Лондондо үч адам отурган унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп барып, базарга жеткенде туш келген адамдарга бычак сайып башташкан. Террорчулар полиция тарабынан жок кылынган. Окуядан акыркы маалыматтар боюнча 8 адам каза болуп, 48 адам жаракат алган.