Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму өтүүдө.
10:10. Аида Салянованын жактоочулары депутаттын тарапташтары сот залына батпай жатканына байланыштуу соттук отурумду чоң залга өткөрүүнү суранышты. Судья Кубанычбек Касымбеков башка сот залында да соттук отурумдар болуп жатканын белгилеп, башка залга көчүрүлбөй турганын айтты.
10:14. Мамлекеттик айыптоочулар өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө Аида Салянованын жактоочулары тараптан коркунуч жаралып жатканын айтышты.
10:15. Салянова: "Менин тарапташтарым тарабынан эч кимге коркутуулар болгон жок. Сот чечим чыгаруу бөлмөсүнө чыкканда ар ким өз оюн айтып жатты. Мында мыйзам бузган сөздөр болгон эмес".
10:28. Соттук отурум Аида Салянованын айыпталып жаткан ишин кароого өттү. Жактоочу Чынара Жакупбекова Аида Салянова А.Елисеевдин лицензиясын узартууда мамлекетке материалдык чыгым келтирбегенин айтты. Ошондой эле бул иште эч кандай мыйзам бузуучулук болбогонун кошумчалады.
10:36. Салянова: "Тергөөдө каралып жаткан иш боюнча эч кандай мыйзам бузган далилдер жок", - деди.
10:38. Мамлекеттик айыптоочулар лицензия узартылгандан бери Елисеев өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат деп билдиришти. Жактоочу лицензияны узартуудан мамлекетке канча сумма чыгым болгонун тактоо зарылдыгын айтып судьяга кайрылды.
10:40. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.
10:49. "Башкы прокуратура Аида Салянова А.Елисеевге лицензия бергенден кийин Латвия өлкөсүндө фирма ачып алды деп чыгышты. Бирок бул боюнча эч кандай далил кагаздар жок. Ошол эле учурда лицензиянын негизинде Латвияда жашаганга, иштегенге шарт түзүлгөн деп прокуратура айыптоолорунда жазышкан. Ал эми Латвиянын парламенти бизде жашап иштеш үчүн эч кандай лицензия керек эмес деп айтты. Демек, менин ишимди карап жатканда тергөөнүн жүрүшүндө, иш козголуп жатканда чоң каталар кетирилген", - дейт Аида Салянова.
"Мага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айып коюп жатышат. Ага ылайык мен өзүмө пайда келтирген жагдай болуш керек экен. Же Елисеевге пайда келтирген болушум керек экен. Кылмыш ишин козгогондор Елисеевге пайда келтирген деген жүйөөнү карманып, Елисеев лицензиядан пайдаланып интернет сайт ачты деп жатышат. Бирок бир кенедей документтери жок. Мүмкүн таптакыр башка бирөө ачкандыр. Эгер ачса кандай суммада пайда тапканы боюнча айыптоочуларда маалымат жок", - деди Салянова.
11:55. Соттук отурум кайрадан башталды. Жактоочулардын иш боюнча күбөлөрдү отурумга алып келүү өтүнүчүн сот канааттандырган жок.
11:58. Жактоочу Чынара Жакупбекова иш боюнча Алексей Елисеевди видеобайланыш аркылуу болсо да соттук отурумга катыштыруу керектигин айтты. Бул сунушту сот четке какты.
12:09. Аида Салянованын жактоочулары соттук отурумга башка күбөлөрдү чакырууну суранды. Ал эми прокурорлор башка күбөлөрдү чакырууда негиз жок экенин айтышты. Судья жактоочунун өтүнүчүн канаттандырган жок.
12:27. Прокурорлор Алексей Елисеевге издөө жарыяланганын, ага Латвияда качкын статусу берилгенин айтып, Кыргыз жерине алып келүү мүмкүн эместигин кошумчалашты.
12:53. Аида Салянованын иши боюнча кийинки соттук отурум 23-июнда өтө турган болду.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.
2017-жылдын 21-апрелинде Аида Салянова өзүнө ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирген. "Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган материалдар, менин кыймыл-аракетим мыйзамга ылайык болгонун, Юстиция министрлигинин 10 жылдаган тажрыйбасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин тастыктады. Катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу болгон эмес дегенине карабай, саясий буйрукту кынтыксыз аткарышууда", - деген Салянова.
29-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өткөн. Анда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн келтирген. Судья Мирлан Термечиков бул өтүнүчтү канааттандырган.