Ак-Суу районунда түн ичинде карагайды мыйзамсыз ташыган айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан карагайды мыйзамсыз ташыган ишкерлер кармалды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын бүгүн, 19-июндагы маалыматына ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жаранга жеринде протокол толтурулган.

"Түн ичинде карагай жүктөп бараткан Ж.Б. аттуу тургун кармалды. Унааны текшерүү учурунда курулушка жарамдуу узундугу 5 метр, 4 кубдан ашуун карагай табылды. Учурда карагайлардын мыйзамсыз кыйылышы боюнча Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун токой чарбалары текшерилип жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз иштерге баргандарга чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, карагай жүктөп бара жаткан айдоочу унаада уулу менен чогуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tyrgon
2017-06-20 00:44:23
мындай толтура бул жырманын бириледа
+1
Kroxa
2017-06-20 04:15:06
Сураганын бербей койсо кармап атышат да,,ошол эле кармаган экологдор Каракол,Бишкеке чейин проважайтетип жеткизип берет сураган акчасын берсен дешкен эле Ак-суулуктар..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан