Японияда күндүн ысыктыгынан бир жуманын ичинде 700 адам ооруканага жаткырылды. Анын ичинен 2 адам каза болгонун аталган өлкөнүн басылмалары жазууда.
Өлкөнүн Өрт өчүрүү жана "Тез жардам" кызматтарынын маалыматына ылайык, ооруканага жаткырылгандардын 50 пайыздан көбү 65 жаштан өткөн жарандар. Өлкө аймагында абанын температурасы 12-июндан 18-июнга чейин 30 градустан ашкан.
Өткөн жылы күндүн ысыктыгынан 100дөн ашык адам каза болуп, 10 миңдей адам ооруканага жаткырылган эле.