Ананьеводогу жарылуунун күбөсү: "Газ саткан жайдагы жарылуудан ыргыган газ баллондор айылды аралап түшүп жатты"

Кечээ, 19-июнда Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында газ саткан жайдагы жарылуунун күбөсү Тургунбек Эрмек уулу окуя тууралуу SUPER.KG`ге айтып берди.

Маалым болгондой, газ саткан жай турак үйлөрдөн 100 метрге жетпеген алыстыкта жайгашкан. Өрт учурунда газ саткан жайдан ыргыган калдыктар, газ баллондор 2-3 көчөгө чейин айылды аралап түшкөн.

"Жарылууда газ саткан жайдын жанында турган унаадагы газ күйдү. Ошол жерде ичинде 40 тонналык газы бар бочка бар экен, ошону өрт өчүрүүчүлөр сактап калышты. Жарылуу болгон жайга жакын жерде май куюучу жай бар эле. Өрттү ага жеткирбей өчүрүп калышты.

Жабырлануучулардын арасында биздин айылдан экөө бар. Бири унаасына май куюп чыгып келе жаткан экен. Жарылуу болгондо унаасы менен четке ыргып кетиптир, учурда ооруканада. Калган жабырлануучулар башка айылдан келип май куюучу жайда иштеп жаткандар. Өрттө май куюучу жайдын ээси да жабыркап, унаасы өрттөнүп кетиптир.

Өрттүн чыгуусу тууралуу учурда ар кандай кептер айтылып жатат. Айрымдар окуя болгон жерде ширетүү иштери жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айтып жатышат", - дейт Тургунбек Эрмек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан