Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түштү

Бүгүн, 20-июнда Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам жабыр тартып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 174-чакырымында Нисан Мурано үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 2 жаш бала жана 4 адам болгон.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгынан жабыр тарткан 4 адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Жаш балдардын бирине биринчи жардам көрсөтүлгөндөн соӊ туугандары үйүнө алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fidel
2017-06-20 23:27:52
Кудайым ушундай Кырсыктардан сактасын! Оомин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан