Бельгиянын Брюссель шаарында кечээ, 20-июнда кечинде борбордук вокзалдын имаратында жарылуу болгонун, анда эвакуация жарыяланганын бүгүн, 21-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Брюссель полициясы жардыруу болгонун тастыктап, окуядан эч ким жабыр тартпаганын жана иликтөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
Ошондой эле полиция имаратта жанкечти кемерин курчанып жүргөн делген шектүүгө ок чыгарганы, анын өлтүрүлгөнү маалымдалууда. Армия жана полиция бөлүктөрү кырдаалды көзөмөлгө алганын билдиришкен.