Кемин районунун Орловка шаарчасындагы "Талды-Булак" алтын кен ишканасында эки Кытай жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Талды-Булак" алтын кен ишканасында эки Кытай жараны каза болгон. Кырсыктын келип чыгышы жумуш учурунда техникалык коопсуздукту сактабагандан улам болгон. Ошол эле учурда ӨКМнын куткаруучулары чакырылган эмес. Окуя 19-июнь күнү болгон", - деп билдирди аталган кызматтан.