Кыргыз өлкөсүндө саякаттап жүргөн канадалык 2 турист кырсыкка кабылды. Бул туурулуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди. Маалыматта айтылгандай, туристтер кечээ, 20-июнда Ноокат районундагы Кожо-Арык айылындагы тоолордун арасында өздөрү айдап жүргөн мотоциклден жыгылышкан. Кырсыктан туристтердин бири бутунан жаракат алып тоодон түшө албай калышкан.
"Окуя саат 17:05де болгон. ӨКМнын Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын буйругунун негизинде райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынын дарыгерлери, айыл аймактын 2 адиси жардамга жөнөтүлгөн. Алар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүп, натыйжада саат 19:30 чамасында туристтерди табышкан. Бутунан жаракат алган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.