Талас облусунун Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Авазбек Айтиев билдирди.
Маалыматка ылайык, БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Сурф үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан. Натыйжада БМВ унаасындагы 2 адам каза болгон. Унаадагы адамдардын бири окуя болгон жерден көз жумса, экинчиси бейтапканага жеткенде каза болгон.
"Чакырылган куткаруучулар каза болгон адамдарды унаадан чыгарышкан. Тойота Сурф унаасынын айдоочусуна алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Окуя 20-июнь күнү 15:20лар чамасында болгон", - деп билдирди Айтиев.