"Гранд комфортто" 21 жаштагы жигит токко урунуп каза тапты

Бүгүн, 22-июнда Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Гранд комфорт" соода борборунда 21 жаштагы жигит токко урунуп каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өзүн баланын жакынымын деп тааныштырган Эдита аттуу жаран билдирди. Эдитанын айтымында, окуя бүгүн саат 14:30 чамасында болду.

"Учурда ата-энеси соода борбордун ичине киргизилбей сыртта турат. Алар соода борбордун жетекчилигинен эмне себептен баласы токко урунуп каза болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылып жатышат. Себеби бала ал жерде электрик эмес, соода сатык менен алектенчү", - деди Эдита.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aiza-91
2017-06-22 18:25:06
Гранд моторс деп кыргызча эле жазса болбойт беле???
-2
Aiza-91
2017-06-22 18:26:33
Гранд комфорт деп
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан