"Гранд комфортто" ток уруп каза болгон жигит электр тармагын билбесе да электрик болуп жумушка алынган

Бүгүн, 22-июнда түшкү саат 14:30 чамаларында Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндөгү "Гранд комфортто" ток уруп каза болгон жигит жаңыдан гана электрик болуп жумушка орношкондугу, бирок өзү кесиби боюнча электрик эместиги белгилүү болду. Каза болгон баланын жакыны Бактыгүл Жанкөйлиеванын SUPER.KG'ге билдиришинче, баланын кесиби электрик эместигине карабай аны 3-4 күн мурун соода борбордун жетекчилиги жумушка алган.

"Бизге баланын өзүнүн телефонунан чалып "бала ток уруп каза болуп калды" деп 2 саат мурун чакырышты. Келсек бала өзү жерде жатыптыр, аны карап койгон киши болбоптур. Соода борбордун жетекчилери качып кетишти. Кимдир бирөө бул боюнча жооп бериши керек эле, бирок милиция келип каза болгон бала менен чогуу иштеп жаткан кесиптешин гана алып кетти", - деди Жанкөйлиева.

Баланын жансыз денеси учурда өлүк сактоочу жайга алып барылып, андан ары Ысык-Көл районунда жашаган ата-энесине жеткирилет. Каза болгон баланын аты Ноорузбек. Ал болгону 21 жашта жана үйлөнө элек болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AIZAD
2017-06-22 17:50:12
Эжеси да кызык го! Догурунуп!
+2
Hadyja
2017-06-22 18:27:52
Кыргызда кесип боюнча жумушка орношуу аябай аз.Чет мамлекетте дидлом билимине карашат.Кыргызстанда андай эмес.Кырсыкта эки тараптын тиешеси бар.
-2
JanEka
2017-06-22 18:29:23
Коррупциянын арты жакшылыка алып барбайт!
+2
suban78
2017-06-22 19:02:10
Ээ Кудай сактасын да.
+3
aslan_akjol89
2017-06-22 23:26:21
Кесиби туура келбей,ишке киргенине суйунуп,жетекчилигине ыраазы эле болсо керек эжеси.Эми минтип кырсык болсо тескерисинче куноолоп журот.Эми кырсык да,электричествону окуп,иштеп журуп токко урунгандар коп эле.Ажалы келсе эч жака кача албайт адам.Жаны жаннаттан болсун!Сак болгула,электриктер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан