Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жол кырсыгынан бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн, 23-июнда кабарлашкандай, “Гольф 2” үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги даракты сүзүп алган. Унаанын ичинде айдоочу менен бирге жүргүнчү аял болгон.
"1987-жылы туулган А. аттуу айдоочу башынан жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилди. Ал эми жүргүнчү аял окуя болгон жерде көз жумган. Учурда өздүгү такталууда", - деп айтылат маалыматта.