Орусияда кафеде иштеген Кыргыз кызына 9 жолу бычак сайылып каза тапты

Орусиянын Москва шаарында кафеде иштеген Кыргыз жаранына 9 жолу бычак сайылып, ал каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү саат 16:00дөр чамасында Москванын борбордук бөлүгүндөгү кафелердин бирине белгисиз адам кирип, официант кызга 9дан ашуун ирет бычак сайган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Тергөө иштеринен кийинки алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон кыз менен кол салган адам мурда интернет аркылуу таанышып, кийин жигит чогуу жашоону сунуш кылган. Кыз анын сунушунан баш тарткан соң ал ушундай жолго барган.

Ошондой эле аталган маалыматта кылмышка шектүү кармалып тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
CEO
2017-06-23 14:59:33
Ошол учун интернетте жашаганды токтоткула кыргыз кыздар! Учурда квартирасында болобу, кочодобу, метродобу же жумушундабы бир-бири менен суйлошуп же жазышып жаткан жаштар!! Бир жигит бир убакта 10-20 кыз менен суйлошот. Бир кыргыз кыз интернетте 10-20 жигит менен суйлошот, кыз-жигит мамилесинде. Бирин алдап, бири менен суйлошуп бутуп экинчисине чалышат. Бул жаштарыбызда тарбиянын жетишсиздигинен кабар берет, алардын женил ойлуу, койрон, сойку болушун шарттайт...
+21
momun74
2017-06-23 17:38:20
CEO,эн туура айтасын жакшысы иштегиле туз жургуло оз тенинерди табасынар кыздар балдар бироонун элинде бироонун жеринде жакшы жургуло жакшы жагынарды корсотуп улгу болгула биз МУСУЛМАНБЫЗ!
+7
Izdeim_seni.
2017-06-23 17:40:38
CEO,озун не олтурасын интернетте
-6
CEO
2017-06-23 19:10:03
Izdeim_seni., мен ар ким менен таанышып одноклассник менен ватсапта жашап жаткан жерим жок.
+2
Surgut777
2017-06-23 15:14:49
Олтургон да кыргыз жараны бекен
+2
asdef
2017-06-23 16:21:39
Surgut777,Ооба кыргыз, мурда турмодо 9 жыл отуруп чыккан неме экен
+6
bekov01
2017-06-23 15:47:46
Жанаттан болсун. Мындайларды олум жазасына тартыш керек башкаларга дагы сабак болгудай кылып
+1
meni_kut
2017-06-23 15:49:19
Москвада кафелерде охраналар болчу элего
+3
Angel92
2017-06-23 15:54:05
Экоо тен кыргыздар экен.
+4
roland
2017-06-23 16:57:57
Айбан экенго
+1
tyrgon
2017-06-23 17:02:38
озбек экен дейтго
-1
malikkkg
2017-06-23 17:06:01
Журогун зырт этет го кыргыз дегенде эле
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
edik-kg
2017-06-23 19:22:41
Кече эле уктум эле бул жанылыкты орустардын сайтынан ал жерде жазылбаптыр кыргыз деп жон гана девушку убили в рестаране за то что отказался выйти замуж деп турганынан ойлоп койдум эле орустар ушундайгада барабы деп корсо озубуздун кыргыз эле турбайбы
+1
JaneEr
2017-06-23 23:19:43
Тобоо кудай сактасын.
0
taalay25
2017-06-24 01:29:08
Мен азыр Москвадамын. Бул окуя мен жашаган метродон бир станция алдыда болуптур. Бугун жон эле окуп койгон элем.
Кечинде бирге турган бир айылдык агабыз иштен кеч келди. Неге кеч келгенин сурасам каза болгон кыз биздин айылдык Саттар деген кишинин кызы экен.
Мупда кийин коргон эмесмин. Ата энеси адырашып кетип энесинин колунда чонойгон. Башка эч маалымат билбейм. Багы жокго дагы жок деп эми боодо каза болуп отурат. Уккан маалыматка караганда бычактаган бала Жалал абаттан болот экен.
+1
taalay25
2017-06-24 01:30:48
Официантка болуп иштечуу экен. Мас аьалында келип бычактаптыр деп атышат. Азыр айылдаш, жердештери акча чогултуп атабыз. Ото окунучтуу окуя
+1
Nadirov
2017-06-24 02:07:16
Бул Узбак улутундагылар
-1
Jaziko80
2017-06-24 08:59:00
Nadirov, бала да кыз да озбектерби. Кыргыз гражданин дегенде журогун ойной турган болдуго бул Москвада. Тынчтык эле болсунчу. Элибизде ыйман нысап болсун.
+1
Begaiko
2017-06-24 02:23:59
Жакшы жанылык укпай калдык го
+1
Асылжан
2017-06-26 09:07:34
Таалай Саламатсызбы? Сиз менен кантип байланышсам болот. Маркум кыздын жакындарын издеп жаттым эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан