Кытайдын Сычуань провинциясында жер көчкү түшүп, 200дөй адам дайынсыз болууда

Кытайдагы тынбай жааган жамгырдын кесепетинен улам Сычуань провинциясына жакын Деси шаарынын Синьмо кыштагында жер көчүп, 40 турак үйдү басып калды. Окуя 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 06:00дө катталганын жергиликтүү SINА басылмасы Элдик куралдуу күчтөрүнүн милициясы Китая Чэнь Тебого таяп жазды. Акыркы маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында калып дайынсыз болгондордун саны 200гө жетти. Ошондой эле Китая Чэнь Тебо топурак, таш алдынан 2 адамды тирүү куткарып чыгышканын кошумчалады.

"Кырсык катталган жерде 550гө жакын куткаруу кызматынын кызматкерлери казуу иштерин жүргүзгөн техникалар менен иш алып барышууда. Жамгыр дагы деле басылбай жаап жаткандыктан, ишти татаалдаштырып жатат. Жергиликтүү бийлик жакынкы жолдун баарын жаап, кыймылды азайтты, көчкү алдынан куткарылгандарды ооруканага эрте жеткиребиз деген үмүттө. Мындан тышкары бийлик өкүлдөрүнөн жана атайын эксперттерден түзүлгөн комиссия иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта. Адамдарды издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Seryi-Kardinal
2017-06-24 13:12:52
200/40=5 bir uido 3 kiwiden awyk bolbow kerek ele go
-2
molorbaev
2017-06-24 13:23:31
Seryi-Kardinal, "Бир уй-було - бир бала" саясаты Кытайдын бардык аймагына тиешелуу эмес болучу.
+2
JOM
2017-06-24 15:42:09
Seryi-Kardinal,bir turak uydo eki uch uy-buloo dele jawawi munkunda emi ;) :) )))
+1
ady-88
2017-06-24 16:20:46
Да ниче баары ойдогудай кытайларда. 200адам олсо аларга капля в моредей эле.
-6
no.comment
2017-06-24 18:22:14
Озгондогу кырсыкта соз кылдык эле башка мамлекет болгондо тигинтмек, минтмек деп. Жаратылыш кырсыгында баары эле бирдей тура..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан