Тажикстандын Турдишох Пянджск районунда 37 жаштагы аял күйөөсү менен кайнисин ууландырып өлтүргөн деп шектелип колго түштү. Бул тууралуу 23-июнда Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалымат булактарына кабарлаган. Шектелип кармалган аял өз көрсөтмөсүндө каза тапкандарды эмнеге жана кандай жол менен ууландырганын айтып берген.
Белгилүү болгондой, шектүү 43 жаштагы күйөөсүнө турмушка чыккан күндөн тартып, жолдошун жана анын туугандарын, айылдаштарын жек көрүү менен жашап келгенин айткан.
2014-жылдын июнь айында күйөөсүнүн түшкү тамагына деп даярдаган курутоб аттуу улуттук тамакка, курт-кумурскадан арылтуучу уулуу затты кошуп берген. Талаачылык иштеринен кайтып келген күйөөсү жана аны менен бирге келген айылдаштары, иниси, анын балдары болуп шектүү тарабынан жасалган тамакты чогуу ичишкен. Мындан соң күйөөсүнүн 39 жаштагы иниси, анын 34 жаштагы келинчеги, алардын 9,6 жана 4 жаштагы балдары, жана айылдашы делген 3 адам болуп, жалпы 8 адам ооруканага жеткирилишкен.
Келиндин күйөөсү менен кайниси ооруканадан каза болгон. Шектүү аял муну менен эле токтоп калган эмес. Ошол жылдын эле сентябрь айында нанга жууруп жаткан камырына мурда кошуп жүргөн уусунан аралаштырып нан жасап, каза тапкан күйөөсүнүн башка үй-бүлө мүчөлөрүнө да берген. Нанды жегенден кийин 3 үй-бүлө мүчөсү жана 4 жашар кыз ууланып ооруканага түшкөн. Ооруканадан 4 жашар кыз каза болуп калган. Каза тапкан адамдар үчүн аза күтүү күнүндө шектүү аял дагы 20 даана токочко уу аралаштырып бышырып, элге берген. Жыйынтыгында 7 айылдашы дагы ууланып Курган-Төбө аттуу шаардык ооруканага түшүшкөн.
Болуп өткөн окуяларга шектелип кармалган аялдын үстүнөн Тажикстан Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексиндеги тийиштүү беренелердин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө деп маалымдайт министрлик.