Орусиянын Саратов облусунда 4 жаштагы кыздын октон каза тапкандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Жергиликтүү маалымат каражаттары укук коргоочулардын маалыматына таянып, кызды 6 жаштагы агасы аткан деп жазышууда.
"24-июнда кечинде укук коргоо органдарына Вольск шаарындагы үйлөрдүн биринен 4 жаштагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерге келген полиция кыздын 6 жаштагы агасы үйдөн ок атуучу куралды таап, аны ойноп жатып карындашын капысынан атып алган деген көрсөтмөгө күбө болгон", - деп жазылат маалыматта.
Учурда бул кылмыш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.