"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасы менен кырсыкка кабылган бүтүрүүчүлөрдүн биринин абалы оор

Ош шаарында Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасын ижарага алып, кырсыкка кабылган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн биринин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын тескөөчүсү Жанна Сапарбаева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, унаада 1999-2000-жылы туулган эки бала болгон. Унааны 1999-жылы туулган бала башкарып бара жаткан. Алар шаардагы №4-Киров атындагы мектеп-гимназиясын аяктап, аттестат тапшыруу аземинен чыгышкан.

"Унааны бүтүрүүчүлөр Ош шаарындагы Бакыт үйүнөн ижарага алышкан. Аттестат тапшыруу аземинен чыгып, кийинки дарекке бара жатып жол эрежесин одоно бузушкан. Унаа башкаруудан чыгып жолдун жээгиндеги бакты сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочусу оор абалда Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Азыр эсине келе элек. Экинчи бүтүрүүчү да ооруканага жаткырылган. Учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дейт Сапарбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Adil706070
2017-06-25 13:37:32
Ыйык Рамазан айында Кудай деп эле тынч отурсанар болмок.
Бироонун машинасы эмес самолетун ижарага алсан деле эртеси баягы эле таз кейпине келесин андан озгоруу,атак данк пайда жок .курулай намыс,ысырапкерчилик.
Эми озуно Аллах шыпаа берип жакшы болуп кет.батырак сакайып.
+16
bars_wire
2017-06-25 14:42:35
Ээх жаштык жаштык.Ата-энебиз коой десе.менден акчанарды аяп деп тушунбойт экен элекда.Опколорун колтуктап алып.оздорун баарын билем.мен кыйынмын деп ойлоп жургон маалдарыда.Сакайып кет эртереек.шыпаа берсин.
+4
Nazikbaigazy
2017-06-25 14:48:11
Жакшы болуп кетсин, ээсине унааны толоп бериш керек эми
+8
Ma9
2017-06-25 15:56:40
Батырак жакшы болуп кеткиле шоктук кылыпсынарда
+2
Ronaldo.99
2017-06-25 17:33:56
Ата энесине кыйын болду.Миллионго тушурду.Оздорунун машинасы болсо мейли эле."Дорогой"машина экен.
+2
yrysbek
2017-06-25 18:41:51
Ата эненди кыйнап коюптурсун озун айыгып кет, бул машинени толой турган акчага жаакшына уй алып окуп алмаксын озун. Силердин Киров мектебине кирип баратканынар эле башкачаболчу, озунорду ошол убакта эле башкара албай калган экенсинер эле
0
Shamdagai2013
2017-06-25 19:33:22
Жаш балдарга эмнеге ижарага берет? Акча десе эле биздикилер,мыйзамды унутуп коюшат! Берген ээсине да кылмыш ишин козгош керек!
+2
baha1985
2017-06-25 19:50:23
Shamdagai2013, тура айтасын
0
bektank
2017-06-26 00:37:20
Байкуш ата-энесинин шору баласы больницада,атасы өзү айдап көрбөгөн машинаны төлөп берип жаман эле болуптур кудай өзү сактасын айыгып кетсин батыраак
0
Begaiko
2017-06-27 00:47:06
Мектеп окуучуларына эмне учун беришет машинаны
0
etaj_rus79
2017-06-27 12:40:09
Сакайып кеткиле эми козунорду ачканда эле журогунор сыгылып ойгонот экенсинерда эми машине кымбат толош онойго турбайт ах аттин ошол акчага окуунду бутуруп алмаксын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан