Кечээ, 25-июнда эртең менен Пакистандын Пенджаб провинциясында күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар каза болгондугун аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, оодарылып калган унаадан адамдар канистраларга бензин агызып алып жатышкан. Чогулгандардын арасынан айрымдары тамеки тартып турушканда жарылуу келип чыкканы айтылууда.
Жарылуудан 152 адам каза болуп, 117си күйүктөн жаракат алган. Учурда окуя катталган аймакка чукул кырдаал абалы киргизилди. Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф окуяга байланыштуу провинциянын тургундарына көңүл айтты. Пенджаб бийлиги кырсык боюнча тыкыр иликтөө жүргүзөрүн билдирди деп айтылат маалыматта.
Өрттөн жакын жердеги бир нече унаалар жана мотоциклдер да күйүп кеткендиги айтылат.