"Чындыкка дал келбейт". МИК чөгүп жатат делген үйлөр боюнча үн катты (видео)

Бишкектин Маликов көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик ипотекага берилген көп кабаттуу үйлөр чөгүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин бүгүн, 21-июнда мекемеден билдирди.

Көп кабаттуу үйдүн жанындагы плиткалар боюнча видео тууралуу МИК төмөнкүлөрдү билдирди:

- Бул үй кыш мезгилинде пайдаланууга берилген, мында аба ырайынын шарттарына байланыштуу айрым сырткы иштерди толук аткарууга мүмкүн болгон эмес.

- Аба ырайы суук болуп, жер тоңгон шартта травмобка жана брусчаткаларды туруктуу орнотуу мүмкүн эмес эле. Ушуга байланыштуу айрым плиткаларда орун которуу жана тайгактык жаралган.

- Учурда аталган тилкеде оңдоо иштери башталды, жана подрядчы компания тарабынан калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Маселе тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

"Бул жердеги маселе имараттын конструкциялык коопсуздугуна эч кандай тиешеси жок. Видео материалда көрсөтүлгөн көйгөй — сырткы каптамалар жана плитканын жайгашуусу боюнча гана. Сын-пикирлерге ачыкпыз, бирок чындыктан алыс, жаатташтыруу мүнөзүндөгү билдирүүлөрдү таратуудан оолак болууга чакырабыз. Ар бир маселе убагында жана жоопкерчилик менен чечилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

МИК чөгүп жатат делген үйлөр боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан