Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жана Көк-Жар конуштарынын ортосунда ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 15:25те Октябрь райондук №7 башкармалыктан 1 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет.
Ал эми Ак-Ордо конушунда көрүстөндүн аймагын да тилсиз жоо каптады. Өрт саат 15:28де толук өчүрүлдү. Ага Ленин райондук №6 башкармалыктан 1 бөлүм тартылды.