Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндө 40 жылдан бери өскөн дарак тамыры менен кулап, жеңил унааны басып калды. Учурда Патрулдук милиция кызматы Жибек Жолу көчөсүн Ибраимов көчөсүнөн күн чыгыш тарапты көздөй жолду тосту. Жашылдандыруу кызматы даракты кыркып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кырсыктан троллейбустун жана электр зымдары да үзүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келген жок.
"Унааны токтотуп калууга мүмкүн болбоду. Капыстан эле үстүмө дарак кулап жылбай калдым. Өзүмдүн аман калганыма шүгүр кылып жатам. Унаа келинчегимдин наамында эле. Ал Токмокто балдар үйүндө тарбиячы болуп иштейт", - дейт унаанын айдоочусу.