Жалал-Абадда 21 жаштагы Сирена аттуу кыз 3 күндөн бери дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирет. Изделип жаткан Алтынбекова Сирена Алтынбековна 1996-жылы туулган. Ал 24-июнь күнү саат 16:00 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Сирена Алтынбекованын белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы узун, күрөң түстө. Кашы, көзү кара, ак жүздүү, дене түзүлүшү толмоч келет.

Ошол күнү кийген кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү гүлдөрү бар халат, көк түстөгү чыпташкан шым, башында кызыл түстөгү жоолук. Белгилей кетүүчү жагдай, ал буга чейин психикалык жактан жабыркап, дарыланып жүргөн.

Сирена Алтынбекованын жүргөн жерин көрүп билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматтар болсо, төмөндөгү телефон номерлерине билдирип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефондору: (03744) 5 06 33; 0558 33-00-01; 0773 84-43-00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza91
2017-06-27 14:24:21
Жанакы 6 жаштагы жоголгон бала аты Бекзат беле ошол табылдыбы админ? Кабары жок болдуго
+5
admin_superstan
2017-06-27 16:27:07
aza91, саламатсызбы? Сурооңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан