Баткенде шахтага тосмо орнотуп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жаштагы кызматкери газга ууланып каза болду. Аталган министрликтин маалыматына караганда, окуя 26-июнь күнү саат 12:00дө Самаркандек айыл аймагындагы "Эркин кен" шахтасында болгон.
Каза болгон куткаруучу Лейлек районунун Исфана шаарынын 1987-жылы туулган тургуну. Ага кошо дагы бир куткаруучу ууланып, ал оор абалда ооруканада жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин 5-июнда да ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.