Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Жанна Сатарбаеванын айтымында, кырсык кечээ, 27-июнь күнү саат 16:00 чамасында Ош-Кара-Суу унаа жолунун 17-чакырымында болгон. Анда жүрүп бараткан оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү чыгып, жол жээгинде ойноп жүргөн 8 жаштагы балага тийген. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.
"Азыркы тапта кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. 1986-жылы туулган Т.М. аттуу айдоочу кармалып, оор жүк ташуучу унаа айып жайга киргизилди. Оор жүк ташуучу унаа Оштон Кара-Сууга шагыл жүктөп бара жаткан", - дейт Жанна Сатарбаева.