Өлкөгө аткезчилик жол менен ири өлчөмдөгү алтын алып келе жаткан адам кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган жаран 22-июнда "Манас" аэропортунан колго түшкөн.
Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти өткөргөн экспертизага ылайык, кармалган товар 585 үлгүсүндөгү алтын жана баалуу таштар болгон. Анын жалпы салмагы 12 килограмм 368,48 грамм.
Алдын ала маалыматтар боюнча товардын баасы 27 миллион сомдон ашык турат. Эгер аны өлкөгө мыйзамдуу жол менен алып киргенде бажы төлөмдөрү 5 миллион 200 миң 45 сомду түзмөк.
Бул факты боюнча кармалган жаранга жана "Манас" бажысынын кызматтык адамдарына тыкыр көзөмөлгө албагандыктары үчүн кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.