Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкери сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 27-июнь күнү саат 09:30 чамасында оор жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөөчү жерде болгон. Анда С.К. аттуу кызматкер Казакстан тараптан келген Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны токтотуп, тиешелүү документтерди сураган.
"Айдоочу кызматкерге баш бербей, унаасын айдап жөнөгөн. Аны токтотууга аракет кылган кызматкерди сабап, таш менен башка чапкан. Урушту ошол жерде нөөмөттө турган Патрулдук милициянын кызматкерлери токтотушкан. Ал эми айдоочу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген", - деп айтылат Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалыматында.