Бакай-Ата районунда бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды

Бакай-Ата районунда бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева SUPER.KG порталына билдирди.

"Жогорудагы факты боюнча Талас ОИИБинин өздүк коопсуздук кызматы текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында видеодогу эки милиция кызматкери ички иштер органдарынан биротоло бошотулду. Ошондой эле чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бакай-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү", - дейт Сарногоева.

Айта кетсек, 26-июнда эки милиция кызматкеринин бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылып жаткан видеосу тараган. Жарыяланган видеодо "ар бир унаа үчүн 200 сомдон акча чогулткула, болбосо унааңарды айып төлөөчү жайга койсок мамлекетке 2000 сомдон айып пул төлөйсүңөр" деп сүйлөшүп жатышканын угууга болот.

Кийин окуя Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун борборунда катталгандыгы аныкталган.

Бүтүрүүчүлөрдөн 200 сомдон сураган милиция
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sarywka2017
2017-06-28 11:23:16
Жаман болуптур!!! Таласты уят кылып чыгарбай эле койсо болмок!!!
0
Chondobo92
2017-06-28 12:35:27
Туура кылат шакалаттарды.
+1
almanbetperm
2017-06-28 13:37:56
Ошол элеби
0
Izdeim_seni.
2017-06-28 13:54:54
Таласта гаишниктер ужас. Токтотуп эле акча ала беришет .документ текшерип да коюшпайт
0
jonne
2017-06-28 14:56:26
Жол эрежесин бузган дагы биз акча берип жаман уйротуп алып анан акча алат деп жаман коробуз бардык нерсени озубуздон баштасак туугандар
+2
Okna
2017-06-29 00:28:07
МММ 5 жыл окуу кайран акча ата-энесинин умуту иш кириши 3000$ жаль 200 сомду дер ит итьигине баратда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан