Чек арадан курал алып өтүүгө камынган жаран колго түштү

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Акжол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынан мыйзамсыз курал алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-июнда 32 жаштагы И.У. аттуу Кыргыз жараны Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен Казакстан тараптан келе жатканда токтулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда унаадан Crosman үлгүсүндөгү төрт даана пневматикалык курал табылган. Бирок тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

"Тийиштүү документтер толтурулгандан соң кармалган адам ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан