Бишкекте 17 жаштагы кыз жаш жигиттин өлүмүнө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-июнь түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы батирлердин биринде болгон.
"Ошол учурда батирдин ичинде эки бала жана эки кыз болгон. Алар спирт ичимдигин ичишип, анын кесепетинен 1991-жылы туулган Т.Б. аттуу жигит бычактан жаракат алган. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Азыркы тапта кылмышка шектүү катары 17 жаштагы кыз кармалды. Кылмыш иши козголуп, окуянын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.